14:42, 2023-ж., 14-сентябрь

Прездиент Тажикстанга жөнөп кетти

Прездиент Тажикстанга жөнөп кетти

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев бар.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тарапту сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...