• Башкы бет
  • Баткен: Кадамжайдын тургуну 2 килограммга жакын баңгизат менен кармалды
14:40, 2023-ж., 14-сентябрь

Баткен: Кадамжайдын тургуну 2 килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Баткен: Кадамжайдын тургуну 2 килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Кадамжай районунда эки килограммга жакын гашишти сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы жергиликтүү тургун жашыруун жай жасап жаткан жеринен кармашкан. Тинтүү учурунда андан кара целлофан пакет табылып, анын ичинде кара күрөң түстөгү зат, болжол менен өсүмдүк тектүү баңги заты алынган.

Эксперттин корутундусуна ылайык, салмагы 2 килограммга жакын алынган зат гашиш экендиги аныкталган.

Кармалга жаран 1999-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну И.Р. болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козголгон. Кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кадамжай-баңгизат

Комментарийлер

live comments feed...