• Башкы бет
  • Адахан Мадумаров эки айга камакта калтырылды
14:33, 2023-ж., 14-сентябрь

Адахан Мадумаров эки айга камакта калтырылды

Адахан Мадумаров эки айга камакта калтырылды

13-сентябрда Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын караган жабык соттук отурум болуп өттү. Жыйынтыгында райондук соттун 24-октябрга чейин абакта калтырылсын деген чечими күчүндө калды.

«Т-Медианын» кабарчысы соттук отурум жабык өткөнүн, саясатчынын туугандары, тарапташтары, журналисттер да киргизилбегенин билдирди. Ал арада Мадумаровдун тарапташтары шаардык соттун имаратынын алдында отурумдун ачык болушун талап кылып турушкан. Отурумга «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Эмил Токтошев, Гуля Кожокулова жана Алишер Эрбаевдер келишти. Бирок эл өкүлдөрү да отурумга киргизилген жок.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда «Бийликтен аша чабуу» деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Адахан Мадумаров

Комментарийлер

live comments feed...