• Башкы бет
  • Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады
13:19, 2023-ж., 13-сентябрь

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Жогорку Кеңештин 13-сентябрдагы жыйынында Министирлер кабинентинин төргагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан расмий түрдө кечирим сурады. Анын бул кадамга барышын президент Садыр Жапаров талап кылганын парламент төрагасы Нурланбек Шакиев айтты.

Байсалов басып өткөн жолунда дайыма элдик бийликти, демократияны колдоп келгенин айтты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун белгиледи.

«Кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөз айтсам бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сурайм. Менин дарегиме айтылган сынды кабыл алам. Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине, депутаттардын укуктарына, мамлекетибиздеги элдик бийликке, демократияга шек келтирүүгө укугум дагы, ниетим дагы жок. Эмоцияга алдырып, ашыкча сөз айтсам расмий түрдө кечирим сурайм»,-деди ал.

Төрага Нурланбек Шакиев Эдил Байсаловдун маселеси президент, өкмөт башчы, вице-спикерлердин жана алты фракциянын лидерлери менен болгон жолугушууда каралганын айтты.

«Президент Садыр Жапаров Эдил Байсаловду парламенттен расмий түрдө кечирим сурап, мындан ары мындай каталарга жол бербей турганын айтты. «Акыркы эскертүү» деди. Эгерде дагы парламенттин дарегине шек келтире турган орунсуз сөздөр болсо, анда кескин чарага барабыз», — деди Шакиев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эдил Байсалов

Комментарийлер

live comments feed...