• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев камакта отурган саяатчыларга кайрылды
14:58, 2023-ж., 12-сентябрь

Камчыбек Ташиев камакта отурган саяатчыларга кайрылды

Камчыбек Ташиев камакта отурган саяатчыларга кайрылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев абакта отурган саясатчыларды ал жактын шартына нааразы болбоого чакырды. Бул тууралуу ал 11-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунда УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып айтты.

«Колунан эч нерсе келбей тили менен буудай кууругандар, мамлекетти талап-тоноп алып, дагы бир ызы-чуу кылам деген саясатчылардын баарына мыйзамдын чегинде жазасын колуна беришибиз керек. Башка айла жок. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Ошолордун кээ бири «түрмөдө бизди өтө катуу кармап, катаал шарттарды коюп жатат» деп айтып жатат Түрмө алар үчүн мамлекеттен тартып алган пансионаты эмес. Түрмө деген түрмө. Мыйзам бузгандарды тарбиялаш үчүн курулган. Түрмөгө чыдабайбы, анда мыйзамды бузбасын, мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин», —  дейт Ташиев. 

Ташиев «30 жылдан бери өлкөдө үч жолу революция болуп, саясат менен гана алектенип келдик»деп белгилеген. Айрымдары бийликке келип, айрымдары камалып же бошотулганы менен элдин турмушу оңолбогонун кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчыбек Ташиев

Комментарийлер

live comments feed...