• Башкы бет
  • Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимдерди Жогорку Сот күчүндө калтырды
14:55, 2023-ж., 12-сентябрь

Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимдерди Жогорку Сот күчүндө калтырды

Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимдерди Жогорку Сот күчүндө калтырды

Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимдерди Жогорку Сот да күчүндө калтырды. Соттук отурум бүгүн, 12-сентябрда өттү.

Адвокат Бакытбек Автандил акыркы инстанциянын чечими боюнча «Т-Медиага» комментарий берип, муну «мыйзамсыз» деп атады.

«Жогорку сот райондук жана Бишкек шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Албетте, биз чечимди тааныбайбыз. Бул мыйзамсыз. Эми биздин кийинки кадамыбыз Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылабыз. Алардын чечиминин негизинде Жогорку сотко кайрылып, Темировдун ишин кайра каратабыз»,-деди ал.

Сот чечиминин мыйзамдуулугу боюнча маселе кечээ, 11-сентябрда да каралган.  

Болот Темировго карата Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүнө кассациялык даттануу Жогорку Сотко быйыл июль айында жолдонгон. Анда журналисттин адвокаттары чечимдин мыйзамсыздыгын далилдеп, Темировду толук актап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Болот Темиров

Комментарийлер

live comments feed...