• Башкы бет
  • Жалал-Абадда жайыт комитетинин төрагасы пара менен кармалды
16:19, 2023-ж., 11-сентябрь

Жалал-Абадда жайыт комитетинин төрагасы пара менен кармалды

Жалал-Абадда жайыт комитетинин төрагасы пара менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКга Өзбекстандын жараны өзбекстандыктарга таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 АКШ долларын талап кылганы үчүн К.у.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.

Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын 1000 долларын алып жаткан жеринен кармалып, эки айга тергөө абагына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жайыт комитети-пара

Комментарийлер

live comments feed...