• Башкы бет
  • Мароккодогу жер титирөөдөн улам 2000 миңден ашык адам каза болду
16:11, 2023-ж., 11-сентябрь

Мароккодогу жер титирөөдөн улам 2000 миңден ашык адам каза болду

Мароккодогу жер титирөөдөн улам 2000 миңден ашык адам каза болду

Мароккодо 9-сентябрга караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны эки миң адамдан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы Ички иштер министрлигине таянып билдирди. Маалыматка караганда, 2012 адам зилзаладан көз жумду, 2060ы жаракат алган. Алардын ичинен 1404 кишинин абалы оор.

Мароккодо үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Марракеш шаарындагы 6,8 баллдык зилзаладан турак жайлар, имараттар, мечиттер кыйрады. Үй-жайсыз калгандар ачык асман алдында түнөдү. Урандылардын арасында калгандарды издөө уланууда.

Дүйнөлүк саламатык сактоо уюму силкинүүнүн кесепетинен 300 миңден ашуун жабыркаганын маалымдады.

Азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезек пайда болгону, тамак-аш таңкыс экени кабарланды. Урандылар көчөлөрдү тосуп калгандыктан, коңшу айылдарга өтүү мүмкүн эмес. Касабланка, Рабат жана башка аймактарда адамдар үй-жайларын таштап кетишүүдө. Аскерлер да куткаруучулар менен чогуу жабыркаган аймактарга чатырларды, жууркан-төшөк, суу, тамак-аш жана башка буюмдарды жеткирүүгө көмөктөшүүдө.

9-сентябрга караган түнү Мароккодо катуу жер титирөө катталган. Өлкөнүн геофизикалык борбору силкинүү очогу Атлас тоосунда болуп, күчү 7.2 баллга жеткенин маалымдаган. Ал эми АКШнын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6.8 балл деп баалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Марокко-жер титирөө

Комментарийлер

live comments feed...