• Башкы бет
  • Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайрадан уруксат берилди
16:08, 2023-ж., 11-сентябрь

Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайрадан уруксат берилди

Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайрадан уруксат берилди

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынып, уруксат берилди. Бул тууралуу 11-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйынында билдирди.

Министр Кара-Кече кенинин көмүрү Балыкчыдан темир жол аркылуу ташылып келгендиктен бир аз арзаныраак түшөрүн билдирди.

«Бишкек шаарында көмүрдү керектөө 1 миллион 200 миң тонна колдонсо, анын баарын Казакстандан алып келе албайбыз. Казакстандын көмүрү мунун 30-35%ын гана камсыз кыла алат, калган 70% көмүрдү илгертен эле «Кыргызкөмүр» ишканасы жеткирип келген. Ошол эле вариант менен иштейбиз. Ыштын маселесин чечүү үчүн сүйлөшүүлөр болгон. Бирок биз «андайга мүмкүнчүлүк болбойт» деп айтканбыз. Азыр Балыкчыдагы биздин кампада 468 миң тонна көмүр даярдалып турат. Ошонун баары Бишкек, Чүй облусуна ташып келинет»-деди ал. 

Буга чейин Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын айткан. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берерин белгилеген.

Байгазиев кошумчалагандай, Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет. Андан тышкары быйылкы сезондо Бишкек жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кара-Кече көмүрү

Комментарийлер

live comments feed...