16:05, 2023-ж., 9-сентябрь

Ошто Комуз күнү белгиленди

Ошто Комуз күнү белгиленди

«Алымбек-Датка» этнографиялык борборунда 9-сентябрь Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Ош шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чаралардын алкагында «Урааным Манас» аталышындагы сүрөтчүлөрдүн сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Мындан тышкары, комузчулар тарабынан флешмоб уюштурулуп, анда  Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү чертилди жана гала-концерт тартууланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Комуз күнү-Ош

Комментарийлер

live comments feed...