• Башкы бет
  • Ленин шайлоо округу боюнча үгүт иштери токтотулду
16:02, 2023-ж., 9-сентябрь

Ленин шайлоо округу боюнча үгүт иштери токтотулду

Ленин шайлоо округу боюнча үгүт иштери токтотулду

Бүгүн, 9-сентябрда эртең мененки саат 8:00дөн тарта Бишкек шаарынын №26 Ленин шайлоо округунда үгүт иштери токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мыйзамга ылайык, шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.

Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган үгүт материалдар (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга «жымжырттык күнү» үгүт жүргүзүүгө жол берилбейт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт. Шайлоого 24 талапкер катышууда, анын 19у эркек, бешөө аял. Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шайлоо

Комментарийлер

live comments feed...