• Башкы бет
  • УКМК Р. Жээнбековдун абакта кыйноого кабылгандыгы боюнча билдирүүсүнө жооп берди
15:56, 2023-ж., 9-сентябрь

УКМК Р. Жээнбековдун абакта кыйноого кабылгандыгы боюнча билдирүүсүнө жооп берди

УКМК Р. Жээнбековдун абакта кыйноого кабылгандыгы боюнча билдирүүсүнө жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясатчы Равшан Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурлду деген билдирүүсүн четке какты. Атайын кызмат муну чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган жалган, чагымчыл маалымат деп атап, ал үчүн жоопкерчилик каралгандыгын эскерткен.

Комментарийде Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча Ички иштер министрлиги тергөө жүргүзүп жатканы когумчаланган.

Учурда саясатчы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайында камакта.

Буга чейин Жээнбеков «УКМКнын тапшырмасы боюнча кыйноого кабылып жатканын» билдирип, кайрылуу жасаган. Саясатчы «сыз, муздак камерага жатууга ден соолугу жол бербейт» дегенине карабай жарым подвалдагы 1-кабатка которушканын айтып даттанган.

Саясатчынын укук коргоочуларга, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна жана акыйкатчыга жолдогон кайрылуусун 1-сентябрь күнү “Клооп” басылмасы жазган.

Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул билдирүүнү жалган маалымат деп атап, аны өчүрүүнү талап кылган.

Басылма маалыматты өчүрбөгөндүктөн аны жабуу боюнча соттук отурум 26-сентябрга белгиленген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК-Р. Жээнбеков

Комментарийлер

live comments feed...