• Башкы бет
  • Акыйкатчы институту Адахан Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди
15:53, 2023-ж., 9-сентябрь

Акыйкатчы институту Адахан Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди

Акыйкатчы институту Адахан Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди

Акыйкатчы институтут убактылуу тергөө абагында кармалып турган саясатчы Адахан Мадумаров кант диабети, экс-министр Динара Кутманова жүрөк кемтиги менен ооруп жатканын билдирди.

8-сентябрда Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына мониторинг жүргүзүп чыккан. Анда алтымыш кишиге ылайыкташкан тергөө изоляторунда 76 киши кармалып турганы, фельдшер эмгек өргүүсүнө чыгып, ордуна эч ким коюлбаганы аныкталган.

Ал эми Мадумаров оорусу тууралуу билдирип, ага электрокардиостимулятор коюлган.

Мурдагы Жаратылышты коргоо, техникалык көзөмөл жана экология министри Динара Кутманова жүрөк капкакчасын алмаштыруу зарылдыгын айткан.

Буга чейин, Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери Бишкекте кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мадумаров-Кутманова

Комментарийлер

live comments feed...