• Башкы бет
  • Ошто «Тынчтык чуркоо- 2023» марафонунун катышуучуларын тосуп алышты
13:26, 2023-ж., 8-сентябрь

Ошто «Тынчтык чуркоо- 2023» марафонунун катышуучуларын тосуп алышты

Ошто «Тынчтык чуркоо- 2023» марафонунун катышуучуларын тосуп алышты

7-сентябрда Ош шаарына «Тынчтык чуркоо-2023» Эл аралык марафонунун катышуучулары келишти. Жөө күлүктөрдү Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Марафон Кыргызстанда жашаган элдердин арасында тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлүп,  республиканын 4 аймагын бириктирди. Ага даярдыгынын деңгээлине жана жаш курагына карабастан ар бир адам катыша алат.

Жарыш 3-сентябрда Нарын шаарынан башталып, андан соң Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу 11-сентябрда Раззаков шаарында жыйынтыкталат. Маршруттун жалпы узундугу 882 чакырымды түзөт.

«Тынчтык чуркоо-2023 » марафону Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Марафон-Ош

Комментарийлер

live comments feed...