• Башкы бет
  • Элдик Курултайга 700 делегат шайланып келет
13:11, 2023-ж., 8-сентябрь

Элдик Курултайга 700 делегат шайланып келет

Элдик  Курултайга 700 делегат шайланып келет

Элдик Курултай ушул жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланып келет. Бул тууралуу 7-сентябрда Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Президент «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» ушул жылдын 29-августунда жарлыкка кол койгон.

Алгачкы отурумга уюштуруу комитетинин курамына кирген Президенттин администрациясынын кызматкерлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлер, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында Элдик Курултайга этностук өкүлчүлүктөн делегаттарды шайлоо, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо боюнча нускамалар, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмө, жыйындарды өткөрүү боюнча бирдиктүү протоколдордун үлгүлөрү жана иш-чаралардын планы уюштуруу комитетинин жалпы мүчөлөрүнүн добушу менен бекитилип, ага ылайык тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бул багытта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн негизги милдети «саясатка аралашуу» эмес, «уюштуруп өткөрүү» экенин белгиледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Элдик Курултай

Комментарийлер

live comments feed...