• Башкы бет
  • Уланбек Усеков билим берүү министрлигин убактылуу жетектейт
15:11, 2023-ж., 7-сентябрь

Уланбек Усеков билим берүү министрлигин убактылуу жетектейт

Уланбек Усеков билим берүү министрлигин убактылуу жетектейт

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Каныбек Иманалиев 7-сентябрда билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Президенттин администрациясы кабарлагандай, ал тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн иштен алынды.

Иманалиев бул кызматка 6-мартта дайындалган.

Уланбек Усеков буга чейин билим берүү министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Билим берүү министри

Комментарийлер

live comments feed...