• Башкы бет
  • Нурлан Шакиев парламентти коргоп чыкты
15:09, 2023-ж., 7-сентябрь

Нурлан Шакиев парламентти коргоп чыкты

Нурлан Шакиев парламентти коргоп чыкты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент бийликке сын айта албайт деген сөздөрдү четке какты. 

7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер парламентке орундуу да орунсуз да пикирлер айтылып жатканы боюнча оюн билдирди. 

«Биз өз милдеттибизди так жана даана, ачык аткарып жатабыз. Парламентте  баары көз каранды, сырттан башкарылат, көп түрдүүлүк жок, курч сөздөр, сын-пикир айтылбайт деген сөздөрдү четке кагам. Анткени биздин депутаттар каалаган учурда, каалагандай сүйлөп жатат»-деди Шакиев.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тарабынан парламентке бир нече жолу сын айтылган. Эл өкүлдөрү муну сыйлабастык катары кабылдап, Байсаловдун кызматтан кетишин президентке сунуштап келет. 

Кечээ 6-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Байсаловдун пикирлеринин видеосун кайрадан көрсөттү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нурланбек Шакиев

Комментарийлер

live comments feed...