• Башкы бет
  • "ТикТоктун" өкүлдөрү Кыргызстанга келди
15:06, 2023-ж., 7-сентябрь

"ТикТоктун" өкүлдөрү Кыргызстанга келди

"ТикТоктун" өкүлдөрү Кыргызстанга келди

TикТок платформасынын бийлик органдары менен байланыш жана корпоративдик маселелер боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европадагы директору Сергей Соколов кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ал АКИпресске берген маегинде билдирди.

Соколов кыргыз өкмөтүнүн TикТок платформасын өлкө аймагында жабуу чечими күтүүсүз болгонун белгилеген.

“Бул жаңылыкты угарыбыз менен бийликтин тиешелүү органдары, анын ичинде Маданият министрлиги, Санарип өнүктүрүү министрлиги менен байланыштык. Биз буга кызыкдар мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын коопсуздукка байланыштуу чочулоолорун жокко чыгарып, көйгөйдү жөнгө салуу үчүн Бишкекке келдик”, — деген Соколов.

Буга чейин,  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет деген кайрылуулардан улам «Tik Tok» тиркемесин кызматын  өлкө ичинде токтотуу чечим кабыл алынганы кабарланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ТикТок

Комментарийлер

live comments feed...