• Башкы бет
  • Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду
15:05, 2023-ж., 7-сентябрь

Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду

Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду

Бүгүн, 7-сентябрда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлык президенттин сайтына жарыяланды.

Иманалиев эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн жумуштан кеткен. Ал эми Уланбек Усеков министрдин  убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Каныбек Иманалиев министрлик кызматка жети ай мурун келген. Окуу жылы башталгандан бери мектептерде окуу китептери жетишпей, бийликке сын айтылып жаткан. 

5-сентябрда депутат Эрулан Кокулов элдин көйгөйүн айтуу үчүн Иманалиевдин кабинеттине кирип барып, ошол жерде алардын ортосунда кайым айтышуу орун алган. Аталган видео интернетке тарап, социалдык баракчалардын колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынган. 

Жогорку Кеңеш 6-7-сентябрдагы жыйындарында министрдин окуу жылына даяр эместигин сындап жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Каныбек Иманалиев

Комментарийлер

live comments feed...