• Башкы бет
  • Шарапаткан Мажитова бетти толугу менен жапкан баш кийим кийүүгө тыюу салынуу сунуштады
15:02, 2023-ж., 7-сентябрь

Шарапаткан Мажитова бетти толугу менен жапкан баш кийим кийүүгө тыюу салынуу сунуштады

Шарапаткан Мажитова бетти толугу менен жапкан  баш кийим кийүүгө тыюу салынуу сунуштады

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова бетти толугу менен жапкан баш кийим кийүүгө тыюу салууну сунуштады.

Ал Өзбекстанда коомдук жайларда бетти жашырган же өздүгүн таанууну кыйындаткан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганын мисал кылды.

«Бул мыйзам бизге дагы керек. Паранжа кийип, көзүн гана көрсөткөн баш кийим кийгендер көбөйүп баштады. Мен аларды жоолук салынышпасын дебейм. Бирок бетти толук жабып, жүзүн жашырып алып жатышат. Бул кооптуу», — деди ал.

Өзбекстан парламентинде буга чейин, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталган. Аталган долбоорду сенат жактырып, президент кол койсо мыйзам күчүнө кирет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шарапаткан Мажитова

Комментарийлер

live comments feed...