• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин төрагасы Конституциялык төрагасы иштен кетиши керектигин билдирди
12:08, 2023-ж., 6-сентябрь

Жогорку Кеңештин төрагасы Конституциялык төрагасы иштен кетиши керектигин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Конституциялык төрагасы иштен кетиши керектигин билдирди

Матчество боюнча чечим кабыл алган Конституциялык сот жана анын төрагасы токтоосуз жумуштан кетиши керек. Бул тууралуу парламенттин спикери Нурланбек Шакиев бүгүнкү 6-сентябрдагы жыйында билдирди.

Шакиев Конституциялык соттун курамын иштен кетишин талап кыларын айтты.

«Бул абдан уят иш. Кыргызга мындай кыянатчылык кылган, элдин наалатына калган, келечекке балта чапкан мындай осол иш болбошу керек эле. Андыктан мен Конституциялык соттун төрагасы баш болгон курамын кызмат ордуларынан өз ыктыяры менен кетишин талап кылам»,- деди Шакиев.

Депутаттар бул маселенин бүгүнкү күн тартибинде каралышын толук колдоп берди.

Буга чейин балдарын жалгыз өстүрүп жаткан жаран аларды өз атына каттатып койгон. Аны туура эмес деп эсептеп Мамлекеттик каттоо мекемесинин жетекчиси ал жаранды сотко берген. Конституциялык сот анын мыйзамдуулугун карап чыгып, балдар 18 жаштан баштап атасынын атынын ордуна энесинин атына каттоого турууну өзү чечиши керек деп чечим чыгарып берген. Муфтият буга каршы экендигин билдирип келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нурлан Шакиев

Комментарийлер

live comments feed...