• Башкы бет
  • Оштун тургунуна "ХОВО" үлгүсүндөгү унаасы үчүн кенемте төлөнүп берилди
12:03, 2023-ж., 6-сентябрь

Оштун тургунуна "ХОВО" үлгүсүндөгү унаасы үчүн кенемте төлөнүп берилди

Оштун тургунуна "ХОВО" үлгүсүндөгү унаасы үчүн кенемте төлөнүп берилди

Бүгүн ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын камсыздандырган Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын жашоочусу Илимбек Жээнбековго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жалпы суммасы 1 135 320 сом кенемте сертификаты берилди. 

Сертификатты Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Нариев тапшырышты. 

Белгилей кетсек, кенемте жол кырсыкка кабылган жана камсыздандырылган унаанын чыгымдарын ордун толтуруу максатында бөлүндү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кенемте #камсыздандыруу

Комментарийлер

live comments feed...