• Башкы бет
  • Кыргызстан паспортту өзү басып чыгарары айтылды
11:55, 2023-ж., 6-сентябрь

Кыргызстан паспортту өзү басып чыгарары айтылды

Кыргызстан паспортту өзү басып чыгарары айтылды

Кыргызстан мындан ары паспортту өзү басып чыгарат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаев бүгүн, 5-сентябрда Фейсбук баракчасына жарыялап, улуттук документтерди басып чыгаруу үчүн «Учкун» мамлекеттик басмаканасына  заманбап жабдуулар сатылып алынганын жазды.

«Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан. Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында Мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес»,- деп жазган ал.

Ошондой эле ал муну менен мамлекеттин жана элдин акчасын үнөмдөлө турганын, паспорт мафиясы жоюлгандыгын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Паспорт-Кыргызстан

Комментарийлер

live comments feed...