• Башкы бет
  • УТРКнын башкы директоруна сөгүш жарыяланды
11:32, 2023-ж., 5-сентябрь

УТРКнын башкы директоруна сөгүш жарыяланды

УТРКнын башкы директоруна сөгүш жарыяланды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 4-сентябрда кабарланды.

Президенттин жарлыгы менен Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп быйыл мартта дайындалган.

Болотбек Тиллебаев 51 жашта. Эки жогорку билимге ээ: «Дастан» технологиялык университетин жана КР Президентине караштуу башкаруу академиясын «менеджмент» багытында аяктаган.

1990-1992-жылдары «Обон» үн жазуу студиясында оператор жана үн инженери болуп иштеген. 1992-1994-жылдары-Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын оператору, видеомонтаж режиссёру жана видеоинженери болгон. 1994-2003-жылдары бир нече программаларды алып барган.

2014-жылы КТРКнын башкы директору кызматына документ тапшырган. Кийин кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, акыры шайлоодон талапкерлигин алып салган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УТРК

Комментарийлер

live comments feed...