• Башкы бет
  • Кыргызстандык окуучу дүйнөлүк олимпиадада экинчи орунду багындырды
11:29, 2023-ж., 5-сентябрь

Кыргызстандык окуучу дүйнөлүк олимпиадада экинчи орунду багындырды

Кыргызстандык окуучу дүйнөлүк олимпиадада экинчи орунду багындырды

Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV Эл аралык информатика боюнча олимпиадада күмүш медаль жеңип алды.

Мындан сырткары, кыргызстандан барган окуучулар аталган олимпиядадан 2 коло медаль жана 1 ардак баракчасы менен кайтышты. Окуучуларды даярдаган мугалим жана команда жетекчисинин жардамчысы — Кылычбек Урайымов, команда жетекчиси — Павел Панков.

Олимпиада 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өттү. Ага Кыргызстандан төрт окуучу катышты.

“International Olympiad in Informatics” — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн жалпы 355 окуучу катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эл аралык олимпиада

Комментарийлер

live comments feed...