• Башкы бет
  • Кыргызстанда Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынды
11:24, 2023-ж., 5-сентябрь

Кыргызстанда Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынды

Кыргызстанда Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынды

Борбордо ышты азайтууга чара катары Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирген.

Энергетика министрининин орун басарынын айтымында Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатат. Анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Андан сырткары ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берет экенин билдирди.

Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салсак, ышты бир аз болсо да азайтат деп жатабыз”, — деди Байгазиев.

Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет. Андан тышкары Бишкек жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кара-Кече көмүрү

Комментарийлер

live comments feed...