• Башкы бет
  • Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу акын-жазуучулар бийликке кайрылышты
14:22, 2023-ж., 4-сентябрь

Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу акын-жазуучулар бийликке кайрылышты

Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу акын-жазуучулар бийликке кайрылышты

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу 100дөн ашык коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер бийликке кайрылды.

Ал кайрылууда «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык болгону жана аны эркиндикке чыгаруу талабы жазылган.

“Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду. “Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал улам бир төӊкөрүштү кайталай бергенден оӊолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу деп эскертип келген”-деп жазылган кайрылууда.

УКМК Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. Анын бөгөт чарасы 24-августта каралып,  2 айга камакта калтырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Олжобай Шакир

Комментарийлер

live comments feed...