• Башкы бет
  • Оштогу көк бөрүдөгү чырга байланыштуу 5 адам камакка алынды
14:18, 2023-ж., 4-сентябрь

Оштогу көк бөрүдөгү чырга байланыштуу 5 адам камакка алынды

Оштогу көк бөрүдөгү чырга байланыштуу 5 адам камакка алынды

Оштогу көк бөрүдөгү чырга байланыштуу жалпы 65 адам суракка алынды. Анын ичинен беш кишиин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакта калтырылды. 

Кармалгандардын тогузуна «Бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. Ал эми убактылуу кармоо жайындагы  төрт адамдын бөгөт чарасы 4-сентябрда каралат.

Калган 56 кишиге «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилгендигин Ош ОИИБден билдирди. 

Эске салсак, Ошто өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрүнүн финалында жаңжал чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Саламаттык сактоо министлиги жаңжалда жети адам жаракат алганын билдирген. 

Эгемендик күнүнө карата өткөрүлгөн  көк бөрүдө «Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Көк бөрү-чыр

Комментарийлер

live comments feed...