• Башкы бет
  • Эртең айрым аймактарда жаан-чачын болбойт
17:48, 2023-ж., 2-сентябрь

Эртең айрым аймактарда жаан-чачын болбойт

Эртең айрым аймактарда жаан-чачын болбойт

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +14…+16, күндүзгү жогорку температура +26…+28 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...