• Башкы бет
  • Гапыр Мадаминов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды
17:43, 2023-ж., 2-сентябрь

Гапыр Мадаминов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Гапыр Мадаминов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Эмгек сиңирген мугалимдер Гапыр Мадаминов жана Орозали Сайдилканов  III даражадагы «Манас»ордени менен сыйланды.

Тиешелүү жарлыкка 30-августта президент Садыр Жапаров кол койгон.

Гапыр Мадаминов Улуттук илимдер Академиясынын тарых институтунун илим изилдөөчүсү, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 – эксперименталдык гимназиясынын директору, жазуучулар союзунун мүчөсү, «Замандаш» журналынын 2013 – жылдагы «Жылдын мыкты мугалими» номинациясынын лауреаты ,»Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» сыйлыктарынын ээси.Бир канча китептердин автору, «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү.

Орозали Сайдилканов да Ош мамлекеттик университетинин педагогика бөлүмүн аяктап, 1998-жылы Кара-Кулжа районунда автордук гимназия мектебин негиздеген.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген мугалим» наамын алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Гапыр Мадаминов

Комментарийлер

live comments feed...