• Башкы бет
  • “Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” өткөрмө бекеттери кайрадан ачылды
17:34, -ж., 2-сентябрь

“Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” өткөрмө бекеттери кайрадан ачылды

“Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” өткөрмө бекеттери кайрадан ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайлары кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

«Кара-Багыш» пункту Ош облусунун Араван районунда жайгашкан. Ал аркылуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары гана транспорт каражатын пайдаланбай, жүксүз, товарсыз жана жаныбарларсыз жөө өтө алышат

«Бек-Абад-автожол»өткөрүү жайы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан.

Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасында «Маданият», «Баймак», «Достук», «Кызыл-Кыя», «Кадамжай», «Кайтпас», «Ак-Кыя», «Өтүкчү»жана «Чечме» автожол бекеттери иштейт.

Өзбекстан 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон саясий окуялар учурунда бардык чек ара пунктарын жапкан. Чектөөлөр 2017-жылдын сентябрында алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-өзбек чек арасы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...