• Башкы бет
  • Бишкекте дагы бир мектеп директору пара менен кармалды
17:31, 2023-ж., 2-сентябрь

Бишкекте дагы бир мектеп директору пара менен кармалды

Бишкекте дагы бир мектеп директору пара менен кармалды

Бүгүн, 2-сентябрь Бишкек шаарында бир жума ичинде төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуз комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги мектептердин биринин директору окуучуну башка мектепке которуу маселесин чечип берүүнү убада кылып, 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталып, кармалды.

“Директор 1-сентябрь күнү кармалып, атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди”,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бул соңку бир аптанын ичинде мектеп директору кармалган 4-учур. 

Буга чейин,  1-сентябрда Бишкек шаарындагы мектептердин биринин директору мыйзамсыз акча чогултууга айыпталып, камалганын билдирген. Анда бул мектепте ата-энелерден мыйзамсыз схеманын негизинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин депозитке акча чогултулуп жатканы маалымдаган. 

Андан мурун, 30-августта Бишкек шаарындагы мектептерге балдарды 1-класска киргизүүдөгү коррупциялык схема аныкталып, эки адам камалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек-пара алуу

Комментарийлер

live comments feed...