• Башкы бет
  • Орусия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет
17:17, 2023-ж., 2-сентябрь

Орусия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет

Орусия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин видеобайланыш форматында Кыргызстандагы алгачкы биргелешкен кыргыз-орус үч мектептин курулушуна старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алдыңкы технологиялар менен жабдылган тогуз заманбап билим берүү мекемеси өлкөнүн бардык облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында курулат. 

Ал эми Бишкек, Баткен жана Караколдогу алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү пландалууда. 

Видеобайланыш учурунда Путин жаңы орус мектептери өсүп келе жаткан муундарды ар тараптуу тарбиялоого жана билим берүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин элдеринин достук жана өз ара түшүнүшүү салттарын тереңдетүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Владимир Путин

Комментарийлер

live comments feed...