• Башкы бет
  • Эгемендүүлүк: “Тогуз ордо” аймагында маданий иш-чаралар өттү
14:04, 2023-ж., 1-сентябрь

Эгемендүүлүк: “Тогуз ордо” аймагында маданий иш-чаралар өттү

Эгемендүүлүк: “Тогуз ордо” аймагында маданий иш-чаралар өттү

Ош шаарынын Ленин проспектисинде Республиканын жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары жайгашкан “Тогуз ордо” аймагында «Түштүк базары» республикалык көргөзмө-жарманкеси жана кароо-сынактар өттү. 

Эгемендүүлүк: “Тогуз ордо” аймагында маданий иш-чаралар өттү, фото-1

Жарманкеде ар бир облус, шаардын тарыхын, кооз табиятын, маданий жана коомдук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган “Жергемдин жети керемети”, «Жер эненин жемиши», “Кыялымдагы шаар”, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын “Футурама”, «Сарпай», «Өнөркана» аталыштарындагы көргөзмөлөр көрсөтүлдү. 

Мындан сырткары, обончу, аткаруучулардын «Ыр майрам», фольклордук чебер аспапчылар, ырчылар жана дастанчылар арасында «Эл казынасы» аталыштарындагы сынактар уюштурулду. 

Бардык маданий кароо-сынактар “Тогуз Ордо” аймагынын борборунда жайгашкан “Ордо сахнада” өтүп, таланттуу келечек муундун ар тараптуу өнөрлөрүн ачып берүү менен көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо максатында өткөрүлдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Тамак-аш жарманкеси

Комментарийлер

live comments feed...