• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев көк бөрүдө чыр чыгаргандар жазага тартыларын билдирди
13:49, 2023-ж., 1-сентябрь

Камчыбек Ташиев көк бөрүдө чыр чыгаргандар жазага тартыларын билдирди

Камчыбек Ташиев көк бөрүдө чыр чыгаргандар жазага тартыларын билдирди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу «Төлөйкөн» ипподромундагы көк бөрү боюнча финалдык оюндан кийин чыр чыгаргандар жазага тартыларын билдирди.

Бул тууралуу Ташиев 1-сентябрга караган түну өзүнүн фейсбук баракчасына видео жарыялаган. 

Анда ал элдин ортосунда бүлүк салгысы келгендерди кыргызстандыктар өздөрү жазалашы керектигин кошумчалады. УКМК төрагасы элди чагымчылыкка алдырбай ынтымакта болууга чакырды.Эгемендиктин 32-жылдыгына карата Ошто өткөн көкбөрүнүн  финалдык оюну чыр-чатак менен коштолду.

Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алышкан.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...