• Башкы бет
  • Ошто көк бөрүдөгү чырдан кийин 7 адам жабыркады
13:48, 2023-ж., 1-сентябрь

Ошто көк бөрүдөгү чырдан кийин 7 адам жабыркады

Ошто көк бөрүдөгү чырдан кийин 7 адам жабыркады

Оштогу көк бөрүдөгү жаңжалда жети адама жараат алып, анын экөө ооруканага жаткырылган. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында караганда, жаракат алгандардын бирөө укук коргоо органынын кызматкери, экинчиси улакчы болгон. Бирок оюнчу аттан кулап жаракат алганы айтылды. 

Ал учурда мээси чайкалган деген диагноз менен Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында. Анын абалы туруктуу. Андан сырткары ошол күнү медпунктка жалпысынан 100дөй адам кайрылып, жардам көрсөтүлгөн.

Ошто өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрүнүн финалында жаңжал чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Кечээ 1-сентябрга караган түнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Көк бөрү

Комментарийлер

live comments feed...