• Башкы бет
  • Бишкектеги мектептердин биринин директору кармалды
13:45, 2023-ж., 1-сентябрь

Бишкектеги мектептердин биринин директору кармалды

Бишкектеги мектептердин биринин директору кармалды

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкектеги мектептердин биринин директору окууга кабыл алууда акча талап кылганы үчүн кармалды.

Маалыматка караганда, мектеп администрациясы ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде ата-энелерден 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозит катары талап кылышкан.

“Аталган факты боюнча, 2023-жылдын 30-августунда атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 30-августа борбор калаадагы мектептердин дагы бир директору 1-класска балдарды кабыл алуу үчүн акча каражатын пара катары алып жаткан учурда кармалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мектеп дирекору кармалды

Комментарийлер

live comments feed...