• Башкы бет
  • Кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берди
14:03, -ж., 9-август

Кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берди

Кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берди

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 км сызыгы демаркацияланганы тууралуу комментарий берди.

Маалыматта: «2021-жылдын май айынан тарта азыркы күнгө чейин кыргыз-тажик чек арасынын 101.86 км сызыгы картага түшүрүлдү. Ушул жылдын башынан бери эки тарап жети жолу жолугушту. Жетинчи жолугушуу ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Ал 10-августка чейин уланат», — деп айтылат.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы талаштуу аймактардын болжолдуу долбооруна кол койгонун «Sputnik Тажикстан» басылмасы тажик аткаминерине шилтеме берип маалымдаган.

Анда кечээ, 7-августта тажикстандык ММКлар өлкөнүн Жерди башкаруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин башчысы Ориф Хожазоданын билдирүүсүнө таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы 101,86 км аралык демаркацияланганын жазды.

Хожазода эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн топографиялык комиссиясынын ортосунда 7 жолу жолугушуу болгонун да билдирген.

Буга чейин Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Абдикарим Алимбаев менен жолуккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...