• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
15:57, -ж., 25-июль

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында  абал туруктуу. Соңку кырдаал боюнча бүгүн, 25-июлда «Кызыл-Бел» өткөрмө бекетинде  эки тараптуу сүйлөшүү башталды. Ага Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып жатканын  УКМКнын Чек ара кызматтынан билдиришти.

24-июлда дагы Баткендин Дача аймагында эки тараптуу жолугушуу болгон. Анда укук коргоо органдары тарабынан коюлган тосмолорду алуу, чек ара аймактарындагы  чыр-чатактардын алдын алуу жана  Аксай-Кожалы (Хожа-Алъо) Төрт -Көчө багытында биргелешкен күзөт уюштуруу чечими кабыл алынган.

Мындан сырткары тараптар чырды биргелешип иликтөө, күнөөлүлөрдү аныктоо, келтириген чыгымдын ордун толтурууну карашкан. Тажик тарап Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкеринин машинасына келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин билдирген. 

Чек ара кызматы 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыкканын кабарлаган. Чыр Ак-Сай — Көк-Таш унаа жолунда чыккан. 

Чек ара кызматтынан маалыматына караганда, Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай — Көк-Таш жолу менен бара жатканда 8 унаадан турган автоколонна менен Ворух анклавынан Хожа-Алъо айылына багыт алган тажик жарандары кесип өткөн. Натыйжада Дача аймагында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда мушташ чыккан.

Окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин аймактык тескөөчүсү барганда ага Ходжай-Аало айылынын тургундары кол салышкан. Милиция кызматкери ал жерден чыгып кетүүгө үлгүргөнү маалымдалган

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...