• Башкы бет
  • Тажикстандын жоокери капысынан эки ок чыгарып алган
15:24, -ж., 24-июль

Тажикстандын жоокери капысынан эки ок чыгарып алган

Тажикстандын жоокери капысынан эки ок чыгарып алган

Кыргызстандын Чек ара кызматы 23-июлда социалдык тармактарда тараган «кыргыз-тажик чек арасында ок атылды» деген видео тууралуу комментарий берди. Мекеменин маалыматына ылайык, 23-июлда Тажикстандын «Плотина» чек ара постунда эки жолу ок атылган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Тажик тарап чек арада кызмат өтөп жаткан жоокери кокусунан эки жолу ок чыгарып алганын билдирген. Андан эч ким жаракат алган эмес.

«Кыргызстандын чек ара тозотунун башчысы жолугушуудан кийин кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеону тарткан жаран менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал видеону социалдык тармакка чыгарып салган», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы жарандарды жалган маалыматты таратпоого чакырып, кыргыз-тажик чек арасында жагдай туруктуу экенин маалымдады.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...