• Башкы бет
  • Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну теракт деп атап, жооп болорун билдирди
16:26, -ж., 18-июль

Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну теракт деп атап, жооп болорун билдирди

Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну теракт деп атап, жооп болорун билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү кечинде Крым көпүрөсүнө жанаша жайгашкан аймактардын башчылары жана транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.

Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну теракт деп атап, Орусия буга жооп кайтарарын билдирди. Ал Коргоо министрлиги бул боюнча сунуш даярдап жатканын кошумчалады.

«Аскердик жактан алганда Крым көпүрөсүн жардыруунун эч кандай мааниси болгон жок. Анткени көпүрөнү аскердик багыттагы жүктөрдү ташуу үчүн колдонбой калганбыз», – деди Путин.

Орус өкмөтүнүн төрагасынын Крым жарым аралы боюнча орун басары Марат Хуснуллин көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн ортосундагы трассанын бир бөлүгү толугу менен талкаланып, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калганын билдирди. Ал тирөөчтөр дээрлик зыянга учурабаганын, алардын бирөө шейшембиге чейин кайра бекемделип, көпүрө аркылуу жеңил автоунааларды реверсивдик режимде өткөрүп турууга мүмкүндүк жараларын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Крым көпүрөсү

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...