
14:51, -ж., 17-июль
Улукбек Карыбек уулу эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Блогер Улукбек Карыбек уулу эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Анын кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасы бүгүн, 16-июлда Ош шаардык сотунда каралды.
Шаардык сот чечим чыгарганга чейин анын жүздөн ашуун тарапташы сот залынан чыкпай турду. Процесс ачык өттү, бирок судья аудио-видео материалдарын тартууга тыюу салды.
Эске салсак: 14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулуна Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.
Блогер 12-июлда»Ош облустук оңолбос төрөт үйү» аталышында материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.
Ош шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Ал 7-июлда белгисиз журналисттер төрөт үйүнө уруксатсыз кирип келип, видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. Шаардык милициянын маалыматы боюнча, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей түртүп кирген, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер