
15:40, -ж., 14-июль
Шашылыш билдирүү: келе жаткан апта күн катуу ысыйт

Келе жаткан аптада өлкө аймагында күн катуу ысыйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөдө 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 33…38° чейин болушу күтүлөт.
Мындай кургак ысык аба-ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл! Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.
15-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…26, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 33…35 градус болот.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер