
15:33, -ж., 14-июль
«Нелегал-2023»: 7 миңдей кармалып, депортацияланды

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоого багытталган «Нелегал-2023» операциясынын биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
Анын айтымында, «Нелегал-2023түн» алкагында өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 7 миңге жакын мигрант кармалып, мекенине депортацияланды. Мындан тышкары бир нече миң адамга каршы кылмыш иштери козголду.
«Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу», – деди Ирина Волк.
Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Анткен менен мигранттар ушул күнгө чейин рейддер токтобой жатканына нааразы.
Ал арада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Справедливая Россия — За правду» фракциясынын лидери Сергей Миронов миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырды. Бул тууралуу ал Телеграмдагы каналына жазды. Ал орус жарандыгын туш келди берүүнү токтотууну, Борбор Азия мамлекеттери менен виза режимин киргизүүнү жана мигранттар үчүн 14 жаштан баштап орус тилинен сынак алууну сунуштады.
Июндун соңунда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт алып кетип жатканын билдирген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 24-июнда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турганын, элчилик аларга укуктук кеп-кеңештерди берип жатканын билдирген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер