• Башкы бет
  • Жалал-Абадда балдар ойноочу комплекс курулууда
15:31, -ж., 14-июль

Жалал-Абадда балдар ойноочу комплекс курулууда

Жалал-Абадда балдар ойноочу комплекс курулууда

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түмөнбай Байзаков атындагы эс алуу жайда муниципалдык балдар ойноочу заманбап комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун сметалык баасы 75 миллион сомду түзгөн. Тендерден «АСТАС строй» ЖЧКсы утуп чыгып, 72 миллион сомго курулуш жүргүзүүдө. Каражат республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен алынат. Мэриянын маалыматына караганда, комплекс ушул жылдын октябрь айында бүтүп, пайдаланууга берилет.

Юстиция министрлигин маалыматына ылайык, «АСТАС строй» ЖЧКсы 2014-жылы кайра каттоодон өткөн. Ал Ош шаарында турак жай жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет. Негиздөөчүсү жана жетекчиси —Торонар Дозонов. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жалал-Абад

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...