
15:28, -ж., 14-июль
Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттик жана парламенттик шайлоого катышпаган кыргызстандыктарга 5 миң сом айып пул салууну сунуштады. Максаты — жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу. Мыйзам долбоор 13-июлда коомдук талкууга чыкты.
Документте жүйөлүү себеби бар адамдар гана айыпка жыгылбайт деп белгиленген. Бирок анын критерийлери келтирилген эмес.
Мыйзамдын маалымкат-негиздемесинде Икрамов шайлоого катышкандар аз болуп жатканын айтып, Ленин шайлоо округу боюнча кайра шайлоодо 15 млн. сомдон ашык каражат сарпталганын, бирок добуш берүүгө 124 миң жарандын 17 миңи гана добуш бергенин мисал келтирген.
«Эгерде чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар жана мындай эреже көптөгөн адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт. Жогоруда айтылгандардын негизинде, шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча каражаттарынын негизсиз ысырап болушуна алып келерин белгилесек болот. Мына ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыларга жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», -деп айтылат документте.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук округунда мөөнөтүнөн мурда өткөн кайра шайлоодо 124 миңден ашуун шайлоочу катталган. Бирок 17 миң 423 киши гана добуш берүүгө катышкан. Ал эми 2021-жылы өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 39,75%ы гана барган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер