• Башкы бет
  • Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опциондор жабылды
15:24, -ж., 14-июль

Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опциондор жабылды

Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опциондор жабылды

Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 14-июлда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

«Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды. Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда», -деп маалымдайт министрлик.

10-июлда социалдык тармакта Ош шаарынын тургундары «Ринго Трейд» брокеринде кумар оюндарын ойноп, акча уттуруп жатканы тууралуу видео тарап, иликтөө башталган.

2022-жылдын 30-июнунда Садыр Жапаров Кыргызстанда кумаркана ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Кумарканага кыргызстандын жарандарына кирүүгө тыюу салынган. Казино ачууга ушул жылдын 2-майында алгачкы жолу линцензия берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бинардык опцион

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...