
17:01, -ж., 13-июль
Эртең күн катуу ысыйт

13-14-июлда күн катуу ысыйт. Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы мүмкүн.
Мындай кургак ысыкта ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,
Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер