
16:51, -ж., 13-июль
Туристтик жайларга QR-коддор орнотулуп жатат

Кыргызстандын жети облусунда 120дан ашык санарип QR-коддору менен санариптик туристтик көрсөткүчтөр иштелип чыкты. Эс алуучулар кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, саякаттоо маршрутун мерчемдөө жана башкалар жөнүндө маалымат алса болот.
Туризм департаментинин маалыматы боюнча, QR-коддор туристтерге керектүү маалыматты түздөн-түз мобилдик телефондон алууга мүмкүндүк берет жана туристтик жайларга барууга ыңгайлуу. Учурда санариптик туристтик көрсөткүчтөрдү орнотуу, монтаждоо үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө.
Мекеме аларды эл аралык өнөктөш «ACTED» уюуму жана Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттиги (TİKA)менен биргеликте иштеп чыккан.
Туризм департаменти бул жылы Кыргызстанга 10 миллионго чейин турист келерин божомолдоп жатат. Былтыр өлкө 14 миллион туристти кабыл алган. Бул чет жактагы кыргызстандыктар менен бул жерде иштеген чет элдиктерди кошкондо чыккан сан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер