
16:48, -ж., 13-июль
Чаткалда 19 гектар жер "Өзгөчө корголуучу жаратылыш жерлери" категориясынан чыгарылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Сандалаш» коругунун түндүк-чыгышында жайгашкан жалпы аянты 19 гектардан ашык жер «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Запастагы жерлер» категориясына которулду. Бул тууралуу Минситрлер кабинетинин 12-июлдагы жыйынында кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жерди туура пайдаланууда дыкат иш алып барууну тапшырды.
Кыргыз өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен жалпы аянты 25 миң 270 гектарды түзгөн «Сандалаш» коругу уюштурулган. Ал эми 2012-жылы өкмөт кен казуучу компаниялардын бирине 3 миң 661 гектар жерди ижарага берген. Анын 1124,7 гектары «Сандалаш» коругуна караштуу болгон.
2020-жылы Башкы прокуратура аталган коруктун жерин кен казуучу компанияга «мыйзамсыз» бөлүп берүү боюнча иш ачкан. Бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 1 млрд сомдук зыян келген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер